Туристтердин Ысык-Көлгө ээн эркин келишине жол ачылмай болду

Отурум 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдришти.

1 / 2
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык VII кеңешинде бир катар документтерге кол коюлуп, эки чек ара өткөрүү пунктунун статусу өзгөртүлдү.
2 / 2
Атайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.

Атайын кеңеш бүгүн, 17-августта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Мухаммедкалый Абылгазиев менен Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгында өттү.

Аскерий кызматташууга кадам. Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри менен жолукту
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу документке кол коюлду. Ошондой эле көзөмөл өткөрүү пункттарынын статусун өзгөрткөн протокол кабыл алынды. Ал документ күчүнө кирген соң чек арадагы "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттери көп тараптуу болуп калмакчы. Анын арты менен чет элдик туристтердин Ысык-Көл облусуна ээн эркин кирүүсүнө жол ачылат. 

Ошондой эле "Ак-Тилек" менен "Ак-Жол" пунктунан өтө турган адамдардын саны дагы азая түшөрүн өкмөттөн кабарлашты.

Отурумдун соңунда КРдин Экономика министрлиги менен Казакстандын Улуттук экономика министрлиги ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

"Келишимде эки өлкөнүн бардык маанилүү экономикалык маселелери каралып, товар айлануунун өсүшү камтылган. Документте ошондой эле суу ресурстарын колдонуу жаатындагы алаканы, ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук жана башка көп көйгөйлүү маселелер эске алынган", — деп жазылат малыматта.

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн бир миллиард долларга чейин жеткирүү максаты алдыга коюлган. Кыргызстан менен Казакстандын кезектеги VIII отуруму 2019-жылы Бишкекте өтөт.