БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Forbes журналы эң бай актриса деп америкалык Скарлетт Йоханссонду атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал 2017-жылдын июнь айынан тарта 2018-жылдын июнь айына чейин 40,5 миллион доллар тапкан. Йоханссон "Кара жесир" (Черная вдова) тасмасындагы орус тыңчысынын ролунан төрт эсе пайда көрө алган.
Экинчи сапта "Малефисента-2" тасмасы менен Анжелина Жоли турат, ал 28 миллион доллар киреше көргөн. "Достор" телесериалынын жылдызы Дженнифер Энистон тескерисинче бир тепкичке ыйдыйлап, үчүнчү орунга түшүп калды. Анын кирешеси 19,5 миллион долларга бааланды. Алдыңкы беш сапты Дженнифер Лоуренс менен Риз Уизерспун толуктады.
2017-жылы биринчи орунду "Ла-Ла-Ленд" тасмасында роль жараткан америкалык актриса Эмма Стоун алган болчу. Жыл ичинде ал 26 миллион доллар тапкан. Агезде Йоханссон алдыңкы бештикке да кирген эмес.
2016-жылы Forbes журналы актрисаны тасмасына эл көп барган актерлордун сап башына чыгарган. Ал тартылган фильмдер кинотеатрларга 1,2 миллиард доллар пайда түшүргөн.