Окумуштуулар жер жүзүндө эң ылдам жүргөн жандыкты табышты

Окумуштуулар учурда мындай жандыктын пайда болуу тарыхын изилдеп жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. АКШнын Жорджия технологиялык институнун окумуштуулары жер жүзүндөгү эң ылдам жүргөн жандыкты табышты. Ал Spirostomum ambiguum деп аталган бир клеткалуу кичинекей курт экени аныкталды. Бул туурасында Georgia Tech порталы жазып чыкты.

Ал жандыктын узундугу болгону 4 миллиметр, бирок ылдамдыгы саатына 724 чакырым жүргөн унаадай тез кыймылдайт.

Окумуштуулар мындай жандыктын пайда болуу тарыхын дагы да изилдеп жатышканы айтылат. Эгер бул тууралуу билип алышса, мунун жардамы менен көп энергияны талап кылбаган тез жүрүүчү кенедей роботту жасоого жол ачылат.

"Клеткалар — жөн гана суюктуктардын тканынан турган баштыкча деп эсептелет, бирок Spirostomum биз билген клеткалардан айырмаланып турат", — деп айткан авторлордун бири Саад Бхамла.

Буга чейин окумуштуулар аарылар адамдын жүзүн тааный ала турганын аныктаган.