Британиялык аял ага бай күйөө таап бере албаган нике агенттигин сотко берди

Аял нике агенттигинен бир нече резиденциясы бар капчыгы калың күйөө таап берүүнү суранып кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Улуу Британияда кыялындагы күйөө таап бере албаган нике агенттигин сотко берген аял 13,1 миң фунт стерлинг өндүрүп алды. Бул тууралуу The Guardian гезити жазып чыкты.

Ушунча да ийилеби! Тереза Мэй ханзада менен олдоксон учурашып, элге күлкү болду
Басылманын маалыматына караганда, 2014-жылы 47 жаштагы Тереза Бурки беделдүү деп эсептелген Seventy Thirty нике агенттигине кайрылган. Ал бир нече резиденциясы бар жана балалуу болууну каалаган (анын үч баласын кошуп багууга макул болгон) күйөө таап берүүнү өтүнгөн.

Компания алардын базасында жети миң талапкер бар экенин айтып ишендиргени менен аныгында кызматты 100 эле эркек пайдаланган. Арадан бир нече жыл өтсө да бир дагы эркек аялга кол сунган эмес. Бактысын таппаган аял сотко кайрылып Seventy Thirty компаниясын "алдамчылар" деп атаган.

Сот нике агенттиги аялды алдаган деп бүтүм чыгарып, короткон 12,6 миң стерлингин кайтарып берүүгө милдеттендирген. Ошондой эле моралдык компенсация катары агенттикке дагы 500 фунт айып салган.