Бишкектеги Айтматов проспектиси качан ачылары белгилүү болду

Вице-мэр Бакыт Дүйшембиев трассанын оңдоо иштерин көрүп, күзгө чейин бүтөр-бүтпөсүн текшерди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери 28-августка чейин соңуна чыгат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери 28-августка чейин соңуна чыгат
2 / 4
Бүгүн, 17-августта, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев Бөкөнбаев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки 2,6 чакырым аралыкта жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты
3 / 4
Ушу тапта жумушчулар асфальттын үстүңкү катмарын төшөп жатат
4 / 4
Башкармалык пайдаланылып жаткан материалдар бышык экенин, 5-10 жыл кызмат өтөй турганын белгиледи.

Бүгүн, 17-августта, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев Бөкөнбаев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки 2,6 чакырым аралыкта жүрүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты. Ушу тапта жумушчулар асфальттын үстүңкү катмарын төшөп жатат. Башкармалык пайдаланылып жаткан материалдар бышык экенин, 5-10 жыл кызмат өтөй турганын белгиледи.

"Магистарль боюнча негизги иштер аяктады. Проспектини 31-августка чейин ачууну пландап жатабыз", — деди Дүйшембиев.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев жолчулар ишин сапаттуу жасап жатканын, Айтматов проспектиси белгиленген мөөнөтүнө чейин ачыларын кошумчалады.

Ошентип Айтматов менен Манас проспектиси — Жибек Жолунан Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен оңдолуп бүтөт.