БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ишембиде, 18-августта, Бишкектин бир топ аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.
Жарык өчө турган аймактар:
Саат 09.00дөн 12.00гө чейин Ахунбаев, Федоров көчөлөрү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинде;
Саат 09.00дөн 18.00гө чейин Боталиев, Мусулманкулов көчөлөрүндө жана Челябинск, Алтай, Каарман чолок көчөлөрүндө;
Саат 10.00дөн 17.00гө чейин Элебесов, Васильев, Маяковский, Щербаков көчөлөрүндө;
Саат 12.00дөн 17.00гө чейин Токтоналиев көчөсүндө.
Электр жарыгы көмөкчү станциялардагы оңдоп-түздөө, куроо жана жаңы электр кубатын өткөрүүчү кабелдерди тартуудан улам болуп жаткандыгы айтылды.