"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп өткөнүн белгиледи.
Анын айтымында, долбоордун максаты – салттуу музыкаларды заманбап классикалык чыгармалар менен айкалыштыруу. Аспапта Аскат Жетиген, Шеркул Шерик уулу, Каныш Нурди жана Темирлан Адракаев ойноду.
"Мыкты композиторлор 14 катышуучуга өз тажрыйбасы тууралуу айтып, көрсөтүп беришти. Жети күндүк легерде жалпы 10 чыгарма жаралды. Катышуучулар кыргыздын салттуу музыкасы менен заманбап классикалык обондорду айкалыштырып, жеке жана чыгармачыл топ менен аткара турчу күүлөрдү жаратышты. Жаштар белгилүү бир чыгарманы алып, өздөрүнүн дареметине жараша байытып жатышты. Кыргызстан үчүн жаңы музыкалык жанр пайда кылсакпы деп ойлоп жатабыз. Бирок өзөгүндө албетте улуттук музыканын данеги жатат", — деди аталган долбоордун жетекчиси Айбек Байымбетов.
Ал долбоорго катышууну каалагандар арбын болгонун жана арасынан 14 таланттуу музыкант тандалып алынганын айтты.
Байымбетов долбоордо жаралган чыгармалардын негизинде жакынкы айларда концерт коюларын маалымдады.