Так секирген теке, тиштешкен суур. Көлдөгү фотокапканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү

Дикие животные на Центральном Тянь-Шане (Иссык-Кульская область)
Фотокапкан 10 күндүн ичинде 20 жаныбарды сүрөткө тарткан
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Борбордук Тянь-Шань тоосуна июль айынын орто ченинде орнотулган фотокапканга сейрек кездешчү 15 жаныбар түшүп калган. Бул туурасында Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы Тескей-Ала-Тоо кыркаларына 20 фотокапкан орнотулган болчу. Сүрөттөр 15-июлдан 25ине чейин тартылган.

"Кадрга беш ак илбирс, эки аюу, карышкыр, түлкү, суур, үкү, кашкулак, мадыл, аркар, теке түшүп калган", — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундардын жана аңсакчылардын (егерь) айтымында, соңку эки-үч жылдын ичинде бул аймакта жаныбарлар көбөйө баштады.