Сания Шакированын апасы айдоочудан 4 млн. сом талап кылууда

Алгачкы сот отуруму кечээ, 15-августта, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук сотунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыкка күнөөлөнүп жаткан айдоочуну 4 миллион сомдук доого жыгуу боюнча сунуш берилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маркумдун энеси Насиба Мамбеталиева билдирди.

Алгачкы сот отуруму кечээ, 15-августта, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук сотунда болгон.

Мамбеталиеванын айтымында, алар айыпталып жаткан тарапты акчалай айыпка жыгууда.

"Кызым каза болгондон кийин үч баласын мен камкордукка алгам. Балдары менен өзүмдү кошуп, жабырлануучу катары доо арыз бердик. Сот сунушту кабыл алды, чечимин күтүп жатабыз", — деди Мамбеталиева.

Ошондой эле кечээки сотто окуянын күбөлөрү катары тез жардам кызматынын өкүлдөрү суракка алынган болчу.

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай автоунаа мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги Сания Шакирова каза болгон.

Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталып, эки айга камакка алынган.

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.

Учурда айдоочу үй камагына чыгарылып, буга Шакированын апасы нааразычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү-2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды.