БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди.
Маркум менен коштошу зыйнаты КТРК имаратынан алдында өтүп, анда тууган-уругу, дос-санаалаштары, кесиптештери сөз сүйлөштү. Андан кийин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнү алып барылып жерге берилди.
Саматова 1996-жылдан тарта "Европа плюс" радиосунда иштеп, 2012-жылдан тарта КТРКдагы "Акыл ордо" берүүсүн алып барып келген. Аны Кыргызстандын эгемен тарыхында музыкалык радиолордун ичинде кыргыз тилдүү ди-джейлеринин көч башы деп айтууга болот. 20 жылдан ашкан чыгармачылык жолунда элге телерадио жылдызы катары таанылды. Мындан сырткары, мамлекеттик иш-чараларды, той-мааракелерди жогорку деңгээлде алып барчу.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери. Мындай мамлекеттик сыйлыкка ээ өлкөдө беш-алты гана алып баруучу бар. Телевидениенин отличниги.
Онкологиялык ооруга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында "Помагать легко" коомдук фондусун негиздегендердин бири.