Эс алып жүрүшкөн. Оштон жоголгон эки окуучу кыз Бишкектен табылды

Эки өспүрүм милицияга Бишкекке эс алганы келишкенин билдирген.
Sputnik

ОШ, 16-авг. – Sputnik. Ош шаарында жолуккан бойдон дайынсыз болуп жаткан эки курбу кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, окуучу кыздарды криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү борбордун "Жал" кичи районунун аймагынан табышкан. Учурда кыздардын абалы жакшы.

Сыдыковдун айтымында, кыздар борборго эс алуу максатында келишкенин билдирген.

"Бирок өспүрүм кыздардын берген көрсөтмөсү сөзсүз түрдө тыкыр текшерилет. Анткени алар 10-августта дайындарын билгизбей кетип, телефондорун өчүрүп салышкан", — деди Сыдыков.

Эки окуучу тең жакындарына өткөрүлүп берилди.