Бишкектин чок ортосундагы жол кырсык ири тыгын жаратты. Сүрөт

Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа менен бетон аралаштырган унаа кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкектеги Москва менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыктан ири тыгын жаралды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, сүрөт жиберди.

Пробка на улице Панфилова из-за ДТП

"Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа менен бетон аралаштырган унаа кагышып кетти. Учурда милицияны күтүп жатышат. Окуянын кесепетинен Панфиловдо тыгын жаралды. Бөкөнбаев менен Манас проспектисинин кесилиши оңдолуп жаткандыктан унаалар ушул көчө менен каттай баштаган", — деди күбө.

Анын айтымында, жол кырсык бүгүн, 16-августта, саат 18.45дер чамасында болгон.