БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы кызды унаа коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИББден маалымдашты.
Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өспүрүмдү бүгүн, 16-августта Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинен койгон. Айдоочуну күбөлөр кармап калган, кийин аны милиционерлер алып кеткен.
ШИИБден билдиришкендей, жаракат алган кыз ооруканага жаткырылды.
Ал эми Тез жардам кызматына аталган дарек боюнча чакыруу түшкөн эмес.