БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Казакстандын борбору Астананын көчөлөрүнүн бирине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты берилди. Бул туурасында Казакстанда иштеп жүргөн журналист Алия Самидин билдирди.
Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухадемиулы катышты.
"Аталган көчө калаанын Есиль районунда жайгашкан. Бакытжан Сагинтаев "Астанадагы көчөгө Айтматовдун атын ыйгаруу эки өлкө ортосундагы достуктун үлгүсү" деп сыпаттады", — деди журналист.
Белгилей кетсек, Абылгазиев бүгүн, 16-сентябрда, Астанага кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн барган.