Жумакадыр Акенеев Асанкулович 1954-жылы Тоң районунун Улахол айлында туулган. Жогорку билимдүү, Фрунзедеги политехникалык институтту аяктаган.
Эмгек жолу:
1976 — Фрунзедеги политехникалык институттагы "Экономика жана курулушту уюштуруу" кафедрасынын окутуучусу;
1978-1983 — Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин Капиталдык курулуш башкармалыгында бөлүмдүн жетекчиси, Айыл чарба курулушу министрлигинде "Сельстройиндустрия" трестинин жетекчисинин орун басары;
1983 — Айыл чарба экономикасы боюнча Илимий изилдөөлөр институтунда сектор башчы;
1990 — Өкмөттүн алдындагы экономикалык реформалар боюнча мамлекеттик комиссиянын аппаратынын кызматкери;
1992 — Кыргызстандын КМШдагы экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү (Белоруссия, Минс шаары);
1993 —1997 — Улуттук статистикалык комитетин жетекчиси, КМШнын өлкөлөрүнүн статистикалык ведомстволорунун жетекчилер кеңешинин төрагасы;
1997-1998 — Айыл жана суу чарба министри;
2001 — Кыргыз улуттук университетинде окутуучу;
2002 — Кыргыз улуттук университетинин профессору;
2007-2011 — Инвестициялык фондунун жетекчиси;
2011-2013 — Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси;
Эмгектери: Айыл чарба экономикасын изилдөө боюнча адис, 70тен ашуун илимий иштердин автору.