Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби

Бул зат эркектердин организмине башкача таасирин тийгизет
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Стресс жүрөк ооруларын пайда кылып, эркектерди инсультка чалдыктырат. Бул тууралуу Bioscience Reports журналына таянуу менен РИА Новости жазды 

Окумуштуулардын айтымында, эркек аябай кубанганда же кайгырганда кандын айланышына жардам бере турган организмдеги малекулалар аз иштелип чыгат.

"Биз жакында келемиштерге эскперимент жасап жатып, ургаачысында BH4 молекуласы иштеп чыгарган моно кычкыл азот молекуласы эркек келемиштикине караганда көбүрөөк болорун билдик", — деди АКШдагы Огаст университетинин окутуучусу Дженнифер Салливэн.

Окумуштуулар күзгүгө тынбай карануу ден соолукка пайдалуу экенин аныкташты
Моно кычкыл азоту биздин организмдеги көптөгөн процесстерди башкарат. Кан тамырларынын жооноюшу же ичкеришине, карылык, организмдин башка системаларына таасири күч. Моно кычкыл азоту адамдын организминде көбүрөөк болуусу жашоону узартууга өбөлгө болот.

Окумуштуулар эркектин организми аялга караганда стрессти башкача кабыл аларын белгилешти. Натыйжада жүрөк оорудан мырзалардын көбүрөөк каза болушуна, кан басымынын жогорулап кетишине да бул заттын таасири чоң экенин байкалган.