Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду

Маркум 46 жашта болчу, артында эки баласы калды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстанга белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Кабарды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кесиптеши Эркин Рыскулбеков тастыктады.

Анын айтымында, Саматова түнкү 1.30дарда өзүнүн үйүндө каза тапкан. Ал 2011-жылдан тарта рак оорусу менен күрөшүп келген. 

Алып баруучу 46 жашта болчу, аркасында эки баласы калды.

Телерадио жылдызы. Салтанат Саматова тууралуу 7 факты
Салтанат Саматова 1996-жылдан тарта "Европа плюс" радиосунда иштеп, 2012-жылдан тарта КТРКдагы "Акыл ордо" берүүсүн алып барып келген. Онкологиялык ооруларга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында "Помагать легко" коомдук фондусун негиздегендердин бири. 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери. Мындай мамлекеттик сыйлыкка ээ өлкөдө беш-алты гана алып баруучу бар.

Телевидениенин отличниги.