Кара-Кулжа: күйдүргүгө шектелген 12 адам ооруканага жаткырылды

Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 12 адам күйдүргүгө шектелип, аймактык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бейтаптар ооруканага алты күндөн кийин, тагыраагы 12-августта түшкөн. Учурда алардын абалы канаттандырарлык дешти.

"Күйдүргүнү жуктуруп алган делип жаткан жети киши 6-августта ооруган малды сойгонго катышкан. Илдеттин жайылып кетпөөсү үчүн райондук ветеринардык кызмат эпидемияга каршы тиешелүү аракеттерди көрүп жатат. Дарыланып жаткан бардык адамдардын анализ алынып, изилдөөгө жиберилди", — деп министрликтен билдиришти.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мамлекеттик кызматтар кырдаалды көзмөлгө алып, илдеттин жайылып кетпөөсү үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.