Кочкордо кырсыктаган киши менен ага жардам берген адамды минивэн коюп кетти. Сүрөт

Унаа сүзүп кеткен эки киши тең мүрт кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кочкор районунда шаршемби күнү болжол менен таңкы саат 5.00дөрдө Audi комбайнды сүзүп алганын Нарын облустук милициясы кабарлады.

1 / 4
Кочкор районунда шаршемби күнү болжол менен таңкы саат 5.00дөрдө Audi комбайнды сүзүп алганын Нарын облустук милициясы кабарлады
2 / 4
Маалыматта жабырлануучуга жардам берүү үчүн жанына Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу токтогону айтылат
3 / 4
Audi унаасынын жүргүнчүлөрүнө чыгууга жардам берип жаткан айдоочуну катуу келе жаткан минивэн коюп кеткен
4 / 4
Анын кесепетинен Audi машинасынын айдоочусу жана ага көмөк көрсөтүп жаткан Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу ошол жерден көз жумган.

Маалыматта жабырлануучуга жардам берүү үчүн жанына Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу токтогону айтылат.

"Audi унаасынын жүргүнчүлөрүнө чыгууга жардам берип жаткан айдоочуну катуу келе жаткан минивэн коюп кеткен. Анын кесепетинен Audi машинасынын айдоочусу жана ага көмөк көрсөтүп жаткан Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу ошол жерден көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Комбайн менен сүзүшүп кеткен жеңил унаанын эки жүргүнчүсү да оор жаракат алган. Алар учурда ооруканада. Бардык материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмүнө жиберилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.