Доллардын баасы жогорулап отуруп 70 сомго чукулдап калды

Улуттук валютанын курсу түшкөнгө чейин (8-август) бир доллар 68,25 (сатуу) жана 68,07 (сатып алуу) болуп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Акча алмаштыруу жайларында доллардын куну дагы да жогорулап жатат. Кыргызстандын валюта базарындагы кырдаал боюнча маалымат Valuta.kg сайтына жарыяланды.

Улуттук валютанын курсу түшкөнгө чейин (8-август) бир доллар 68,25 (сатуу) жана 68,07 (сатып алуу) болуп жаткан.

"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
Бүгүнкү күндө долларды 69,7 сомдон сатышууда, шейшембиде, 69,5 сом болуп турган эле. Ал эми 69,5 сомдон сатып алышса, кечээки баа 69,2 сомдун чегинде эле.

Ал эми рублдин баасы турукташа баштады, дүйшөмбүдө бир сомдон да ылдый түшүп кеткен. Учурда Россиянын валютасы 1,06дан сатылып, 1,04 сомдон сатып алынууда.

Өткөн апатанын орто ченинен тарта Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Түркияда доллардын наркы жогорулай баштаган. Бул кырдаал боюнча сарасепти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.