Москвада жөө адамдарды коюп кеткен Чыңгыз Анарбек уулунун жаза мөөнөтү узарды

Таксисттин соттук иши 14-августта каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Москва шаарында жөө адамдарды койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу дагы эки айга тергөө абагында калды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Эки кызын эки жакка калтырган. Москвада кырсыктаган таксисттин апасы жана жакындары
Маалыматка ылайык, таксисттин соттук иши 14-августта каралган. Анда сот тергөөчүлөрдүн өтүнүчүн канааттандырып айыпкерди 16-октябрга чейин камакта калтырды.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги 8 футбол күйөрманын койдуруп кетип, алар жеңил жаракат алышкан. Кырсыктын себепкери эки айга камалган.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаракат алгандарды Кыргызстанга келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырган.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып бейтаптардын абалы менен таанышып келген. Окуяны президент Сооронбай Жээнбеков да көз жаздымда калтырган эмес.