Алай тоолорунда башкаларды сактайм деген альпинистти таш басып калды

Таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүн өз маалында кабардар кылып, өзү ал жактан чыга албай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагындагы Алай тоо кыркаларында Екатеринбургдан келген альпинист Кирилл Воронков кулаган таштын алдында калып каза болду. Бул кабарды Россиянны КРдеги элчилигинен тастыкташты.

Кыргызстанда Ленин чокусунан россиялык альпинистти көчкү басып каза тапты
Каргаша Түштүк Гаджир ашуусунан өтүп жаткан маалда болгон. 32 жаштагы киши альпинисттер тобун жетектеп, экспедитор экендигин "Уралинформбюро" маалымат агенттиги жазган. 

Воронков таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүн кабардар кылууга үлгүргөн. Бирок өзү андан чыга албай каза болгон. Билдирүүдө маркумдун каармандыгынан улам башкалар аман калганы айтылат.