Рулда отурган өспүрүм чоң эле киши болуп чыкканда. Видео

Маалыматта окуя Ростов-на-Дону аймагында болгондугу жазылган.
Sputnik

Интернет айдыңында шаар ичиндеги каттамдагы автобустун рулунда отурган толмочунан келген баладан жүргүнчү аял документтерин талап кылып жаткан видеону көрүүгө болот. Бул ролик "Вконтакте" социалдык тармагына жайгаштырылган.

Маалыматта окуя Ростов-на-Дону аймагында болгондугу жазылган. Жүргүнчү аялдын көңүлүн рулда отурган айдоочунун көрүнүшү бурган.

Казакстанда 9 жашар бала бир жумада үч ирет машина айдай качып бушайман кылды
Видеодо ал айдоочудан тиешелүү документтеринин бар-жогун сурап, эмне үчүн автобусту айдап жүргөндүгүн сураган. Андан сырткары "жаман айдап бара жаткандыгын" улам-улам басым жасап айткан.

Үстү-үстүнө берилген суроолорго кыжыры келген айдоочу "эч кандай документим жок" деп жооп берип жаткандыгын угууга болот. Андан сырткары, аялдан видеого тартпоосун, телефонду өчүрүшүн кекээрленип талап кылып жатканы да түшүп калган.

Кызыктын баары жүргүнчү аял тартып алган видеосун интернетке жайгаштыргандан кийин башталган.

Анын постун окуган шаардыктардын көбү айдоочу жаш бала эмес, 30дан ашып калган киши экендигин жана бир нече жылдан бери айдоочу болуп иштей турганын жазган.

"Мындай жаш болуп көрүнгөнү үчүн эми күнөөлүүбү" деген суроолуу комментарийлерди калтырышкан. Анткен менен элдин арасынан аялдын таламын талашкандар чыккан.

Талкууга чекитти полициянын маалыматы койгон. Алар фактыны текшерип, №96 каттамдагы автобустун айдоочусу 38 жаштагы чоң эле киши экенин жана айдоочулук күбөлүгү, бир нече жылдык тажрыйбасы бар экендигин аныктаган.