Радио

Акматов: Кыргызстанда учурда 2,5 миң тонна алтындын запасы бар

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов жергиликтүү зергерлер сырье маселесинде көйгөйлөргө туш болуп жатышканын айтты.
Sputnik
Акматов: Кыргызстанда учурда 2,5 миң тонна алтындын запасы бар

Кыргызстанда учурда 2,5 миң тонна алтындын запасы бар. Ушунча эле көлөмдө күмүш да турат. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 19 тонна күмүш, 17 тонна алтын казып алынып, экспорттолгон.

"Кыргызстандык зергерлерге сырье маселеси көйгөй жаратып келет. Биздин тоо-кенчилер казылган продукцияны бүтүндөй экспортко чыгарышат. Өзүбүздөн алтын чыгып жатып, өзүбүз сырьего ээ боло албайбыз. Учурда өлкөдө 2,5 тонна алтындын запасы жатат. Мунун баары сыртка казылып чыгып кеткенче жергиликтүү зергерлерге да шарттар түзүлсө жакшы болмок. Бул багытта сунушубузду өкмөткө берип эле келе жатабыз. Аракеттер көрүлгөнү менен азырынча алгылыктуу кадамдар жасала элек", — деди Акматов.

Ал өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча зергерлерден 57 миллион сом салык өндүрүлгөнүн, бул сумманы 150 миллион сомго жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.