Кара-Сууда минивэн менен Matiz бет маңдай кагышып 10 жаштагы кыз каза тапты

Жол кырсыгы 14-август күнү саат 08.00дөр чамасында болуп, ооруканага жети адам жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ош облусунда эки автоунаа бет маңдай кагышып алты адам жабыркады. Ал эми 10 жаштагы кыз ооруканадан жан берген. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Окуя бүгүн, 14-августта, саат 8.00дө Бишкек — Ош трассасынын 649-чакырымында, Кара-Суу районунун аймагында болгон.

1 / 2
Ош облусунда эки автоунаа бет маңдай кагышып алты адам жабыркады. Ал эми 10 жаштагы кыз ооруканадан жан берген.
2 / 2
Окуя бүгүн, 14-августта, саат 8.00дө Бишкек — Ош трассасынын 649-чакырымында, Кара-Суу районунун аймагында болгон.

"26 жаштагы киши Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны батышты көздөй айдап бараткан. Ал каршы тилкеге чыкканда рулду башкара албай калып Daewoo Matiz менен бет маңдай кагышкан", — деп милициядан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен Ош облустук бириккен ооруканасына түрдүү жаракаттар менен жети адам жеткирилген. Алардын төртөө минивэндин, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүсү болгон. 10 жаштагы кыз ооруканадан эсине келбей каза тапкан.

Кырсык боюнча топтолгон материалда Ош облусунун Кара-Суу райондук тергөө бөлүмүнө жиберилип, иликтөө иштери башталды.