БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. WhatsApp мессенджеринде «көк кит» сымал коркунучтуу Momo оюу тарап жаткандыктан укук коргоо органдары профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Бул туурасында ИИМден кабарлашты.
Буга чейин Ташкенттин ишки иштер башкы башкармалыгы тарабынан Momo тууралуу айтылган.
Алгач өзүн оюндун куратору деп эсептегендер интернет колдонуучуларды ар кандай форумдардан издеп табат. Андан соң мессенджерге кат жиберишет. Аватаркадан япониялык сүрөтчү тарткан желмогузга окшош аялдын сүрөтүн көрүүгө болот. Кураторлор өспүрүмгө зомбулукту чагылдырган сүрөттөрдү жиберип, андан соң тапшырманы аткарууга мажбурлап, коркутуп-үркүткөн каттарды салат.
Кыргызстанда да аталган оюн балдар жана өспүрүмдөр арасында жайылып кетишине жол бербөө үчүн ИИМ анын кооптулугу тууралуу эскертет: эгерде WhatsАpp мессенджеринде Momo пайда болсо, аны дароо блоктоп салуу керек. Ата-энелер балдарды көзөмөлдөгөндү унутпоосу зарыл.