Жашоого ыңгайлуу делген алдыңкы шаарлар аталды. Рейтинг

Рейтингди түзүүдө саламаттык сактоо тармагы, маданияттын өнүгүү деңгээли, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, билим берүү жана инфраструктуранын өнүгүшү эске алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Британиянын The Economist журналы жашоого эң ыңгайлуу деп эсептелген шаарлардын рейтингин түздү.

Кыргызстанга кай жактан көп киши келет? Мамлекеттердин рейтинги
Биринчи орунга Австриянын борбору Вена чыкты, экинчиде Австралиянын Мельбурну, ал эми үчүнчүдө Япониядагы Осака шаары.

Алдыңкы ондукка Калгари (Канада), Сидней (Австралия), Ванкувер (Канада), Токио (Япония), Торонто (Канада), Копенгаген (Дания) жана Аделаида (Австралия) кирди.

Журналдын версиясы боюнча жашоого эч бир шарты жок — Дамаск шаары.

Рейтингди түзүүдө саламаттык сактоо тармагы, маданияттын өнүгүү деңгээли, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, билим берүү жана инфраструктуранын өнүгүшү эске алынган.