Борбор калаада эки унаа кагышты, жабыркагандар бар. Сүрөт

Бүгүн күндүз ошол эле көчөлөрдө үч унаа кагышкан жол кырсыгы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкектеги Орозбеков жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Odyssey и Honda Fit унаалары кагышканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күбө билдирди. 

1 / 3
Бишкектеги Орозбеков жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Odyssey и Honda Fit унаалары кагышканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине күбө билдирди
2 / 3
Анын айтымында, кырсык болжол менен 20.30дарда болгон
3 / 3
Ал ошондой эле минивендин айдоочусу кырсыктан жабыр тартпаганын кошумчалады.

Анын айтымында, кырсык болжол менен 20.30дарда болгон. 

"Honda Fit унаасын айдап бараткан аялдын омурткасы жабыркап, дарыгерлер алып кетти. Минивендин жүргүнчүсү эс-учун билбей жолдун четинде жатат. Ага азыр жардам көрсөтүлүүдө", — деди күбө. 

Ал ошондой эле минивендин айдоочусу кырсыктан жабыр тартпаганын кошумчалады. 

Азырынча кырсык боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы комментарий бере элек. 

Бүгүн күндүз ошол эле көчөлөрдө үч унаа кагышкан жол кырсыгы болгон.