Бишкекте үч унаа кагышып, бир аял ооруканага жеткирилди. Видео

Кырсыкка Toyota Aristo, Honda Odyssey жана Toyota Auris унаалары кабылган. Милиция кызматкерлери тийиштүү материалдарды чогултуп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкекте үч унаа кагышкан жол кырсыгы болгонун шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Окуя болжол менен 13.30дарда Орозбеков жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Toyota Aristo, Honda Odyssey жана Toyota Auris унаалары кагышкан. Орозбеков көчөсү менен батышты көздөй бараткан Toyota Aristo менен ага каршы келе жаткан Honda Odyssey унаасын Toyota Auris сүзүп салган. Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсыкка үчүнчү машинанын айдоочусу күнөөлүү.

Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы аял ооруканага жаткырылды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.