Премьер Азиз Суракматовду мэриянын жамаатына тааныштырды. Сүрөт

Өкмөт башчы өз сөзүндө жаңы мэр жашыл Фрунзени кайтарат деп үмүт артарын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган башчысы Азиз Суракматовду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Абылгазиев өз сөзүндө шаардыктар жана калаа меймандары сезилээрлик оң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын белгилеп өттү.

1 / 3
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын жамаатына калаанын жаңы шайланган башчысы Азиз Суракматовду тааныштырды.
2 / 3
Абылгазиев өз сөзүндө шаардыктар жана калаа меймандары сезилээрлик оң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын белгилеп өттү.
3 / 3
Премьер 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясында белгиленген бир катар багыттарды ишке ашыруу зарылдыгын эскертип өттү.

"Бишкек шаарынын жаңы башчысынан инфраструктуралык жаңылыктарды, анын ичинде архитектуралык кайра түзүүлөрдү күтөбүз. Борбор калаа Фрунзе шаарынын учурундагыдай жашыл калаага айланышы шарт. Ошондой эле мэрдин ар бир кадамы, чечими тургундардын көзөмөлүндө болушу керек", — деди өкмөт башчы.

Премьер 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясында белгиленген бир катар багыттарды ишке ашыруу зарылдыгын эскертип өттү.

Азиз Суракматов 2018-жылдын 8-августунда шаардык кеңеш тарабынан мэр болуп шайланган. Жаңы калаа башчысынын жана анын туугандарынын байлыгына кызыксаңыз Sputnik даярдаган материалдан окуңуздар.