WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду

2019-жылдан кийин атайын кызмат керектүү маалыматтарды эч тоскоолдуксуз алып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. WhatsApp мессенжери эми колдонуучулардын жазышкан каттарынын купуялуулугун коргоочу кодду колдонбойт. Бул туурасында РИА Новости Akket порталына таянуу менен жазды.

"Кыргызстанда киши жегичтер адамга кол салды". Билдирүүнү тактап алчу 5 эреже
Мындай жол менен атайын кызматка бардык колдонуучулар ким менен эмне тууралуу кат алышып жатканын билүүгө жол ачылат. Мессенжердин жаратуучулары Facebook тиркемесинин талабы менен ушундай кадамга барууга мажбур болууда. Анткени WhatsApp мессенжерине Facebook ээлик кылат.

Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин айтымында, мунун баары Америка бийлигинин талабы менен кабыл алынган. Ага ылайык, 2019-жылдан тартып тиркеменин маалыматтарды коргоочу коддору жөнөкөйлөтүлөт. Андан соң атайын кызмат керектүү маалыматтарды эч тоскоолдуксуз алып турат. Муну менен террорчулар жана психикалык жактан оорулуу адамдардын иш-аракеттерине эскертүү берүүнү көздөлүп жатат.