Казакстанда 9 жашар бала бир жумада үч ирет машина айдай качып бушайман кылды

Үч жолкусунда тең тестиер кырсыкка кабылып, бирок жабыркаган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Уральск шаарынын тогуз жаштагы тургуну бир апта ичинде үч ирет унаа айдай качып кармалганын Sputnik Казакстан жазды.

Өткөн жекшемби күнү бала Hyundai унаасын айдап кетип, бетонду сүзүп токтогон.

"Ушу тапта автоунаанын ээси такталып жатат. Эвакуатор чакыртылды. Кырсык болгон жерге полиция кызматкерлери келди, алар баланы үйүнө жеткирип коюшат", — деди тергөөчү.

Бул бала шейшемби жана жума күндөрү да чоочун унааларды айдап кетип кармалган. Алгач Suzuki машинасы менен жеңил унааны жөөлөп кетсе, экинчисинде Toyota микроавтобусу менен көпүрөнүн бетон түркүгүн сүзгөн.

Маалыматта баласынын жоругун уккан атасы шок абалында калганы айтылат.