Таласта Subaru Forester оодарылып кетип, бир киши каза болду

Кырсык Манас айылынын тушунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Тараз — Талас — Суусамыр жолунун 128-чакырымында Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа оодарылып, бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-август күнү 9.10дор чамасында Манас айылынын тушунда болгон. Айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада бир киши каза таап, ичиндеги төрт киши жабыркаган.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Чат-Базар айылындагы ооруканага жеткирилген.