Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты

Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жаңы стратегия биринчи кезекте адам мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөдө тездик менен болуп жаткан өзгөрүүлөргө даяр болушу керек.

"Бул үчүн адам потенциалын өстүрүү зарыл. Учурда каралып жаткан документтин буга чейинкилерден артыкчылыгы — адам мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө басым жасалганында. Бул максат мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы Кыргызстандын келечек планын түзүүгө күч-кубаты жетиштүү экенин, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн болгон аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо боюнча топту Тамерлан Ибрагимов жетектейт
"Узак мөөнөттүү пландарды коюуга дараметибиз жетет. Бул үчүн бардык шарттар бар. Бүгүнкү саясий, экономикалык жана социалдык жагдай алдыдагы пландарды аныктап, аларды иш жүзүнө ашырууга өбөлгө болот. Биздин максат — өнүккөн, чындап көз карандысыз Кыргызстанды куруу. Бирок буга карай жол татаал. Саясий туруктуулук өкүм сүргөндө гана биз ой-максаттарыбызга жетебиз", — деди президент.

Жээнбеков бизнес менен коомчулуктун биргелешкен, бири-бирин сүрөгөн эриш-аркак аракети натыйжа берерин, стратегияда бул артыкчылыктуу багыт экенин кошумчалады.