Сания Шакированын апасы Насиба: акыйкаттык издеп президентке кат жолдодум

Насиба Мамбеталиева кызынын өлүмүнө себепкер делген айдоочуга 2016-жылы да топтошкон бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгонун айтат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук соту "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыктап каза болгон унаанын 31 жаштагы Ч.К. аттуу айдоочусун үй камагына чыгаруу чечимин узартты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Шакированын апасы Насиба Мамбеталиева билдирди.

Ал кызынын өлүмүнө забын болгон айдоочунун үй камагына чыгуусуна нааразы экендигин билдирип, президентке кат жазганын айтты.

"Эртең бүрсүгүнү сот болот. Айдоочу эки айга камакка алынганын билесиздер. Жыйырма күндөн кийин үй камагына чыгып, анысын 3-август күнү сотко чейин узартып алган. Себебин ден соолугуна жана жашы жете элек үч баласына байланыштырып жатышат. Саниянын деле үч баласы бар, эмнеге бир тараптуулук болушу керек. Акыйкаттык издеп 10 күн мурда президентке кат жолдогом, жообу келе элек. Бүгүн журналисттердин башын бириктирип маалымат жыйын да өткөрдүм. Сот беренелердин катаалына токтолот деп ойлойм", — деди маркумдун энеси.

Мамбеталиева айдоочуга 2016-жылы да "топтошуп алып бейбаштык жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун айтат.

Ошондой эле ал адвокаты менен кеңешип айдоочунун унаасы таандык Namba Taxi компаниясын сотко берүүнү ойлоп жатканын кошумчалады.

Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек
Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай машина мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги Сания Шакирова каза болгон

Айдоочу кырсык болгон учурда мас болгону аныкталып, эки айга камакка алынган.

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу КР ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү-2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан төрт ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек куруп кеткен.