Радио

Сазыков: убагында төлөнбөгөн салыкка айып пул салынып, туум эсептелет

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков ушул жылдын 1-сентябрына чейин жер, үй, унаа салыгын төлөбөгөндөргө 2000 сом айып пул салынарын айтты.
Sputnik
Сазыков: убагында төлөнбөгөн салыкка айып пул салынып, туум эсептелет

Убагында төлөнбөгөн салыкка айып пул салынат. Ага күнүнө 0,09 пайыз туум эсептелет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эсептелген туум салыктын наркынан ашпайт.

"Кээ бир учурда салыктын баасынан айып пулу көптүк кылат. Мисалы айрым унаалардын салыгы 500 сомдун тегерегинде болсо, айып пул баарына бирдей 2000 сомдон салынат. Ага тууму кошулуп отуруп, көбөйүп кетет. Андыктан жарандардан бардык салыкты убагынан кечиктирбей төлөп коюусун өтүнөбүз", — деди Сазыков.

Ал жылдан жылга элдин салык төлөөгө болгон жоопкерчилиги жогорулап, акыркы күнгө жеткирбей төлөгөндөрдүн саны көбөйүп жатканын кошумчалады.