Талкаланган шифер, аңтарылган темир. Нарында болгон шамалдан кийинки сүрөттөр

Куткаруучулар шамал учурган чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Нарын шаарында 12-августта ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал жети үйдүн чатырын учуруп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

ӨКМдин куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам берип, жергиликтүү элге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзгөн.

1 / 3
Нарын шаарында 12-августта ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал жети үйдүн чатырын учуруп кеткен
2 / 3
Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты
3 / 3
ӨКМдин куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам берип, жергиликтүү элге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзгөн.