Өлкөнүн бардык аймактарында 1-сентябрь күнү окуучулардан жол кире алынбайт

1-класстан 11-класска чейинки окуучулардан жол акысы алынбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарындагы коомдук транспорттор 1-сентябрь, билим күнү окуучуларды мектепке бекер ташыйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Анда балдардын жолдогу коопсуздук маселеси талкууланууда.

"Жолугушуунун алкагында 1-сентябрь күнү 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларды бекер ташуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Мындай акция Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен айдоочулардын балдарга болгон камкордугун көрсөтүү максатында уюштурулууда.