Кыргызстан Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрбөй турган болду

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү милдетин кайсы мамлекет мойнуна ала турганы азырынча белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстан быйыл Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөргөндөн кийин төртүнчү ирет уюуштурууну башка өлкөгө өткөрүп берет. Бул туурасында катчылыктан билдиришти.

Атты көтөрүп кеткен жигит. Көчмөндөр оюнунун дагы бир ролиги чыкты
Азырынча Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарын өткөрүү милдетин кайсы мамлекет мойнуна ала турганы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен алгачкы ирет 2014-жылы негизделип, быйыл үчүнчү ирет өткөрүлөт. Ар эки жыл сайын тартууланчу оюндар Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда болот.

Быйылкы мелдеш 2-8-сентябрь күндөрү өтмөкчү. Программада 53 мамлекеттен келген делегация спорттун 37 түрү боюнча ат салышат.