"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү

Түркиянын лидери өз өлкөсүнүн жаңы уюмдар менен союздарга кире тургандыгын четке каккан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Америка санкциялары жана басымы менен өлкөнү чөгөлөтө албайт деген билдирүүсүн жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын алюминий менен болотуна салынган санкцияны эки эсе көбөйгөнүн колдой турганын билдирген эле.

Соңку беш айда мигранттар Кыргызстанга 972,3 миллион доллар жөнөттү
Америка президентинин бул сөздөрү өткөн аптада түрк валютасы — лиранын болуп көрбөгөндөй түшүп кетишине алып келди. Тагыраагы — бир долларга болгон көрсөткүчү 5,75тен 6,47ге чейин түшүп кеткен. Андан көп өтпөй курстун куну түшүп, бир доллар 6,62 лираны түзүп, түрк акчасы суткасына өзүнүн наркынын дээрлик 20 пайызын жоготкон.

Трабзон аймагына барып сүйлөп жатканда Эрдоган он миңдеген чакырым алыстыкта да туруп алып Америка бийлиги аларды башкаргысы келип жатат деп сынга алган.

"Алар рейтинг агенттиктерин бизге каршы тукуруп, Түркияга карата "валюталык куралын" колдонуп жатат. Андан эмне болуп кетет экен? Азайтса (кредиттик рейтинг) азайта беришсин. Бирок биз маселенин чоо-жайын билебиз, алар түрк элин билбейт. Болбосо бул элди кудайдан башка эч ким чөгөлөтө албай тургандыгын сезет эле. Эгерде тарыхыбыз менен тааныш болсо, биз коркутуп-үркүтүүлөрдү тоготпой турганыбызды билет эле. Калк дүрбөлөңгө түшпөй, оокатын тынч кыла берсе болот. Мындай соккуга валюта курсу менен туруштук беребиз", — деген Эрдоган.

Ал түркиялык компанияларды "ызы-чуу болуп банктардан валюталарды алып кетүүгө ашыкпоого" чакырды. Эгерде аны укпаса, тиешелүү чараларды көрө тургандыгын айтып, эскертти. Президенттин сөзүнө караганда Анкара "жаңы рынокко бурулууга" ниет кылып жатат. Андан сырткары, Түркиянын жаңы уюмдар менен союздарга мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

"81 миллион калкы бар союздаш жана өнөктөш өлкөнү террордук уюмдар менен байланышы бар деп курмандыкка чалгандарга кайыр кош дейбиз", — деди түрк лидери.

Доллардын баасы 69 сомго чейин көтөрүлүп кетти
Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл жана Ички иштер министри Сулейман Сойлуга карата америкалык пастор Эндрю Брансонду 2016-жылы камакка алгандыгы үчүн санкция киргизген. Ал Фетхуллах Гүлендин Түркияда ишине тыюу салынган уюмуна көмөк көрсөткөн деп күнөөлөнгөн.

Sputnik Кыргызстан куну түшүп жаткан түрк лирасынын кыргызстандык мигранттарга берген таасири тууралуу материал даярдады.