Доллардын баасы 69,5 сомго жетти. Бишкектеги валютанын баасы тууралуу

АКШнын Россияга каршы санкциялары тууралуу маалымат тарагандан кийин Кыргызстандын валюта рыногундагы абал өзгөрө түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкектеги акча алмаштыруу жайларындагы доллардын баасы өсүүсүн улантты. Кыргызстандын валюта рыногундагы абал боюнча маалымат Valuta.kg сайтына чыкты.

Бүгүн доллар 69,5 сомдон сатылууда (сатып алуу 69,15 сом), ал эми жума күнү эле 68,5 сом (сатып алуу 68,3 сом) болчу.

Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда рублдин да баасы өзгөрдү: 1,02 сомдон сатылса, 0,98 сомдон сатып алынууда. Ал эми жума күнү рубль 1,04 сомдон сатып алынып, 1,02 сомго сатылып жаткан.

Эксперттердин айтымында, рубль АКШнын Россияга каршы санкциялары тууралуу маалымат тарагандан кийин арзандай баштады. Санкциялар химиялык куралдарды колдонгон өлкөлөргө каршы чара көрүү боюнча мыйзамдын негизинде кабыл алынганы жатат. Вашингтон Сергей менен Юлия Скрипалдарды Москва ууландырганына тийиштүү далилдер бар экенин айтып, бирок ошол далилдерди коомчулукка көрсөтүүдөн баш тарткан.

Учурда Россиянын рубли 2016-жылдын ноябрь айындагы көрсөткүчүнө түшүп кетти — 66,9. Мындан сырткары, 9-августта доллар 63,59 рублдан сатылып жаткан болчу.

"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
Жума күнү болсо АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиядан келген алюминийге 20 пайыз, болотко 50 пайыз кошумча салык салына турганын жар салды. Бул көрүнүш түрк лирасынын баасы кыйла төмөндөп кетишине шыкакчы болду. Тагыраагы дүйшөмбүгө караган түнү тарыхый рекорд жаңыланып — бир доллар 7,13 лираны түзүп калды. Investing.com сайтындагы маалыматка караганда, 10-августта эле бир доллар 5,5 лирага сатылып жаткан болчу.

Кыргызстанда болсо 29-июлда доллар 68 сомдон сатылып, 67,8 сомго сатып алынып жаткан. Акча алмаштыруучу жайлар ошол күндөрү рублди 1,07 сомдон сатып алып, 1,08 сомго сатып жаткан.

Түрк лирасынын кунунун түшүүсү кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.