БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандын Азия оюндарына бара турчу делегациясынын курамын жарыялады.
Тизмеде жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у — спортчу, калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер.
Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча болот, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү.
Ал эми кыргызстандык спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес).
"Курама команданын спортчулары Азия оюндарына карата жетиштүү деңгээлде даярдыктан өттү. Жыл башынан бери өлкө ичинде жана чет мамлекетке машыгууга барып, мелдештерге катышып жатышты", — деп айтылат маалыматта.
Спортчулардын спорттук экипировкасы Улуттук Олимпиада комитети тарабынан даярдалган. Экипировкага 14 кийим кирет, параддык костюм, машыгууга кие турчу форма, баш кийим жана башка.
Ошондой эле Жээнбеков насаат сөзүнөн кийин курама команданын капитаны, грек-рим күрөшүнүн балбаны Каныбек Жолчубековго кыргыз туусун тапшырган. Ал эми оюндардын ачылыш салтанатында тууну волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыкмай болгон.
Мамагенттиктен мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчуларга мамлекет тарабынан акчалай сыйлык каралганын кошумчалап, суммасы спортчунун мелдеште алган ордуна жараша экендигин айтышты.