Алайда жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап айдоочу каза болду. Сүрөт

Унаа Алайда көмүр кенин казуу менен алектенген ЖЧКлардын бирине таандык экендиги белгилүү болду.
Sputnik

ОШ, 13-авг. — Sputnik. Алай районунда жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап, 39 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Ага ылайык, окуя 12-август күнү саат 9:30дарда болгон. Бийиктиктен кулап түшкөн унаа Алайда көмүр кенин казуу менен алектенген ЖЧКлардын бирине таандык экендиги белгилүү болду.

1 / 4
Алай районунда жүк ташуучу унаа 80 метр бийиктиктен кулап, 39 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду.
2 / 4
Окуя 12-август күнү саат 9:30дарда болгон.
3 / 4
Бийиктиктен кулап түшкөн унаа Алайда көмүр кенин казуу менен алектенген ЖЧКлардын бири таандык экендиги белгилүү болду.
4 / 4
Унааны Талды-Суу айылынын 39 —жылы туулган Ч.А. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Алдын ала маалымат боюнча ал рулга ээ боло албай калган.

Унааны Талды-Суу айылынын 39 —жылы туулган Ч.А. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Алдын ала маалымат боюнча ал рулга ээ боло албай калган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, Алай РИИБ тергөө иштерин жүргүзүүдө.