Абылгазиев: келген гранттар менен жардамды айылдарга бурабыз

Өкмөт башчы "Бир айыл — бир продукт" долбоорун республиканын бүт аймактарына жайылтуу ниетин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Гранттык жана жана техникалык жардамдарды аймактарга буруу абдан зарыл. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы аймактарга Doing Business рейтингинин улуттук аналогун киргизүү иштерин баштоо зарылдыгын да белгилеген.

"Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар бир регион боюнча уруксат кагаздары, жер маселелери, инфратүзүмгө кошулуу, жеңилдиктерди камтыган инвестициялык лотторду даярдоо зарыл. Ошону менен бирге буга чейин өзүн жакшы көрсөтө алган "Бир айыл — бир продукт" долбоорун республиканын бүт аймактарына жайылтабыз", — деди Абылгазиев.

Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
"Бир айыл — бир продукт" ассоциациясы (БАБП) — кийиз буюмдарды, сувенирлерди, бал, жапайы мөмөлөрдөн кыям жана шире өндүрүүгө адистешкен 2000ден ашуун жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси.

Бул долбоор JIKAнын (Япония Эл аралык кызматташтык уюмунун) колдоосу менен ишке ашырылып келет. "Бир айыл — бир продукт" JIKA дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө ишке ашырып жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири.