КР Генштабы Россиянын коргоо министри Сергей Шойгуга боз үй белек кылды. Сүрөт

Жалпы жонунан оюндарга 32 өлкөнүн жоокерлери катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу боз үй белекке алганын КРдин Генералдык штабынан билдиришти.

1 / 3
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу боз үй белекке алганын КРдин Генералдык штабынан билдиришти
2 / 3
Жабылуу салтанатында "Достук" үйүндө өткөн көргөзмөгө Кыргызстандын танкисттер командасы да катышып, тигилген боз үйдүн ичине кыргыздын улуттук буюмдары, тамак-аш, суусундуктары коюлган
3 / 3
Көргөзмөнү кыдырган Сергей Шойгу Кыргызстандын Генералдык штабынынын башчысынын орун басары Нуридин Чомоевдин коштоосунда кыргыз даамынан ооз тийип, ойнолуп жаткан күүгө кызыккан.

Эскерте кетсек, Россиядагы Алабино полигонунун Патриот паркында 28-июлда башталган Аскер оюндары 11-августта жыйынтыкталып, иш-чара бир убакта эле жети мамлекеттин 7 полигонунда өттү. Жалпы жонунан оюндарга 32 өлкөнүн жоокерлери катышкан.

Жээнбеков кесиптеши Назарбаевге 100 жыл мурунку самоор белек кылды. Сүрөт
Жабылуу салтанатында "Достук" үйүндө өткөн көргөзмөгө Кыргызстандын танкисттер командасы да катышып, тигилген боз үйдүн ичине кыргыздын улуттук буюмдары, тамак-аш, суусундуктары коюлган.

Көргөзмөнү кыдырган Сергей Шойгу Кыргызстандын Генералдык штабынынын башчысынын орун басары Нуридин Чомоевдин коштоосунда кыргыз даамынан ооз тийип, ойнолуп жаткан күүгө кызыккан.

Соңунда Сергей Шойгуга сувенир жана кадимки боз үй белекке берилгени айтылат.