"Манас" аэропортунда жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турчу бөлүм ачылат. Фото

Курулуш иштерин 31-августка чейин бүтүрүү пландалган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турчу бөлүм ачылат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
"Манас" эл аралык аэропортунда жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турчу бөлүм ачылат.
2 / 3
Учурда аба майданында курулуш иштери кызуу жүрүүдө
3 / 3
Анын алкагында күтүү, жүктөрдү берүү залы оңдолууда.

Билдирүүгө ылайык, учурда аба майданында курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Анын алкагында күтүү, жүктөрдү берүү залы оңдолууда. Ошондой эле эркек, аялдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ажаткана салынып жатат.

"Манас" аэропортунан Бишкекти аралап жүрчү автобус каттай баштады
Мындан сырткары, жергиликтүүлөр үчүн унаа токтотуучу жай да пайдаланууга берүү каралган.

Жалпы 1555 чарчы метрлик бөлүмдөгү жумуштарды 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, учурда эл аралык жана ата мекендик каттамдардын жүргүнчүлөрүнө бир эле бөлүм кызмат көрсөтүп келет.