iPhone кантип жарылып, жалындап күйдү. Видео

Кытайлык аял iPhone аппаратынын жарылып өрттөнүп кеткенин видеого тартып калган. Ролик YouTube каналына жарыяланды.
Sputnik

Окумуштуулар смартфонду бир заматта заряддоонун жолун табышты
Кадрда рулда бара жаткан аял кишинин телефон аппаратын автоунаанын алдыңкы панелине койгондугу көрүнүп турат. Бир аздан кийин тарс эткен үн чыгып, смартфон түтөп, андан соң жалындай баштаган.

Маалыматта iPhone аппаратынын аккумулятору февраль айында алмаштырылгандыгы айтылган. Кийинчерээк телефон сапатсыз батареянын айынан улам жарылганы кабарланган.