Жекшембиге карата аба ырайы

Дороги в Вологодской области
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Фонтанда эс алып жаткан шаар тургундары. Архив
Августтун ичинде аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин жообу
Маалыматка ылайык, 12-августта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы 22…27 градуска жылыса, Ысык-Көл, Нарын, Таласта 20…25 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24…29 градуска чейин жетет.

Бишкекте күн күркүрөп 25…27 градус болсо, Ош шаарында термометр 27…29 градусту көрсөтөт.