Өзбекстанда жаңы окуу жылынан тарта мектептерде шахмат сабагы окутулат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча Билим берүү министрлигине 20-августка чейин окуу планын иштеп чыгууну тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзбекстанда жаңы окуу жылынан тарта 150 мектепте шахмат сабагы милдеттүү түрдө өтүлө баштайт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Бишкектен Гонконгго чейин. Алтын сертификат алгандар кайсы ЖОЖду тандады?
Азырынча шахмат сабагы сынамык долбоордун алкагында өтүлүп турат. Келечекте өлкөдөгү бардык мектептерде окутула баштайт.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахматты өнүктүрүү Боюнча билим берүү министрлигине 20-августка чейин окуу планын иштеп чыгууну тапшырган.

Президент шахмат оюну интеллект менен ойлоонууну өстүрө турганын айтып, аны өлкө аймагында жайылтуу керектигин билдирген.