Манас проспектисинде Кайгуул-күзөт кызматынын унаасы оодарылып калды. Видео

Күбөнүн айтымында, проспектиде үч автоунаа кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын унаасы жол кырсыктын кесепетинен оодарылып калды.

Окуянын кыска видеосун активист Болот Ибрагимов Instagram баракчасына жүктөдү.

Күбөлөрдүн айтымында, үч унаа кагышып, Кайгуул-күзөт башкармалыгынын Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасы оодарылып калган.

Бишкек ШИИББ толук маалымат кийинчерээк берилерин убадалады. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Тез жардам кызматы кырсыктан эки адам жабыркап, ооруканага жаткырылганын маалымдады.